Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Сенатор Викер Орусиянын агрессиясына каршы биригүүгө үндөдү


АКШ Конгрессинин мүчөсү Роджер Викер.
АКШ Конгрессинин мүчөсү Роджер Викер.

“Эркиндикти сүйгөн” өлкөлөр биригип туруп, Орусиянын агрессиясына жана “Ислам мамлекети” (ИМ) тобунун согушчандарына жооп бериши шарт.

Мындай оюн АКШ сенатору Рожер Викер 4-июлда Прагада “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтты. Анын оюнча, президент Путиндин Украинадагы аракеттерине дүйнөнүн жообу “чечкиндүү” болуп, кубатын көрсөтүшү абзел. Эл аралык коомчулук ушундай эле чекиндүүлүгүн ИМга да көрсөтүшү зарыл.

Рожер Викер - АКШнын Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы. Москванын Крым жарым аралын аннексиялап алуусу, Грузия, Молдова, Украинадагы жикчил күчтөрдү колдоосу - Хельсинки келишиминин принциптерине жана БУУнун Хартиясына карамандай каршы келет,- деди Викер.

XS
SM
MD
LG