Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Казакстан Сенаты Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин жактырды


Казакстан парламентинин жогорку палатасы - Сенат 9-июлда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө макулдук берген келишимди ратификациялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабар таратты. Ратификациялоо жараянына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов катышканын элчиликтен кабарлашты. Документке 437 депутат макулдугун берди.

Буга чейин келишимди Армения парламенти, Орусиянын Мамлекеттик Думасы, Федералдык Кеңеши жана Беларустун Улуттук кеңеши ратификациялаган.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимге май айынын башында кол коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG