Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, жаштар концепциясын иштеп чыгууну суранды. Өлкөнүн түрдүү аймактарындагы жыйырмадай уюмдун мүчөлөрү кол койгон кайрылууда бүгүнкү кыргыз жаштарынын деңгээли демократиялык, өнүккөн Кыргызстанды курууда чоң күч болору, аларга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарылдыгы айтылат.
Кайрылууда 2016-2021-жылдар аралыгында жаштар саясатын өнүктүрүү үчүн атайын улуттук программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүгө чакырык ташталат. (SE)