Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Казакстандын экс-премьер-министри Серик Ахметовдун соту башталды


Премьер-министр Серик Ахметов парламенттин сессиясында. Астана, 24-сентябрь 2012
Премьер-министр Серик Ахметов парламенттин сессиясында. Астана, 24-сентябрь 2012

Сот Караганда шаарында өтүүдө. Экс-премьер “коррупцияга аралашкан, ири өлчөмдөгү бюджеттик акчаны натуура жумшаган” деп айыпталууда.

56 жаштагы Ахметов 2014-жылы ноябрда камакка алынган. Аны менен кошо 21 адамдын соту жүрүүдө. Алардын арасында Караганда облусунун мурдагы башчысы, Караганда шаарынын экс-мэри жана башка аткаминерлер бар.

Теги карагандалык Серик Ахметов 2012-жылдын сентябрынан 2014-жылдын апрелине чейин улуттук өкмөттү жетектеген. Андан кийин коргоо министри болуп дайындалып, расмий маалымдалгандай, октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG