Кыргызстандын унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев менен Бишкек шаар башчысы Кубанычбек Кулматов 13-августта “Жолдор – башкы көңүлдө” деген аталышта болуучу бир айлык акциянын башталышы тууралуу журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүшөт. Анда Кыргызстандын башка аймактарындагы жана борбор калаадагы жолдордун абалы, жол куруу жана оңдоп-түзөө иштери тууралуу айтылат.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бир айлык иш-чарада жергиликтүү бийлик жана өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрү жаңы курулуп жаткан, оңдолуп жаткан жолдордун курулушу менен таанышып, аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдөшөт.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда акыркы беш жылда миң чакырымдан узак жол курулган.(ZKo)