Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Кытай: Тянцзиндагы жардырууда жоголгон 64 адам дайынсыз


Жарылуудан өрттөнгөн жеңил машинелер. Тянцзин, 13-август 2015.
Жарылуудан өрттөнгөн жеңил машинелер. Тянцзин, 13-август 2015.

12-августта Тянцзин порт шаарындагы химиялык заттар сакталчу терминалда болгон жарылуу алып келген алаамат жөнүндө Тянцзин шаарынын мэри Хуан Синжо бүгүн мындай маалымат берди:

- 19-август күнкү түшкү саат экиге карай жарылуудан набыт болгондордун эсеби 114 бойдон калууда. 64 адам дайынсыз жок. Жардыруудан жалпысынан 170ден көп фирма жана 30 000ден көп адам жабыр тартты. Терминалда сакталган 3 миңден ашуун машине күйүп кетти.

Мурда 700дөй адам ооруканага жаткырылганы кабарланган. Кытайдын жер титирөөлөрдү изилдөө борборунун маалымдашынча, жарылуунун кубаты 21 000 килограмм тротилге барабар болгон.

XS
SM
MD
LG