Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Грекия жаңы каржылык пакеттин алгачкы бөлүгүн алат


Евроаймактагы мамлекеттердин каржы министрлери Грекияга берилчү жаңы акчалай жардамдын биринчи траншын бекитти. Бул Афинага бөлүнгөн каржылык пакеттердин үчүнчүсү.

20-августта Грекия өкмөтү 23 миллиард евро алат. Анын үч жарым миллиарддан көбү Европанын борбордук банкы берген карызды жабууга жумшалат. Бул тууралуу “Франс-пресс” агенттиги ишенимдүү булактарга таянып кабарлады.

Шаршемби күнү Европа парламенттери Афинага көмөк көрсөтүү боюнча чечимди кубатташкан.

Грекияга үч жыл аралыгында берилүүчү жардамдын жалпы көлөмү 86 миллиард евро. Буга жооп катары мамлекет бир катар реформаларды жасоо милдеттенмелерин алат. Негизинен бюджеттик чыгымдар кыскартылып, банк тармагына көзөмөл күчөтүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG