Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Милиция "Керемет-Суудагы" окуя боюнча төрт кишиге издөө салды


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Эмил Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүү катары төрт айыл тургуну изделип, бир канчасы сурак берүүдө.

13-августта Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылында жергиликтүү тургун, 29 жаштагы Мырзажалил Тажиев менен “Керемет-Суу” эс алуу жайынын ээси Ишенбек Ашыровдун ортосунда чыр чыккан.

Тажиев достору менен эс алууга келген учурда Ашыров алардан пансионатка акча төлөөнү сураган, беркилер бербей койгон. Ортодо мушташ чыгып, пансионат ээсинин жигиттеринин бири Тажиевди таш менен коюп жиберген. Ал ооруканада каза тапкан. Милиция Ишенбек Ашыровду, анын үч уулун жана инисинин баласын убактылуу кармоочу жайга камаган.

Окуядан улам эс алуу жайы жайгашкан Чоң-Өрүктү айылынын тургундары топтолуп, пансионаттын эс алуучу комплекстери менен кожоюндун үйүн өрттөп салышкан. Учурда пансионат жабык, ал жердеги кайнар булактын көзүн жергиликтүү тургундар бетондоп салышты.

XS
SM
MD
LG