Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Бишкек жана Ош шаарларында достук фестивалы өтүүдө


“Достукка кадам. Өзгөчө кеч” деп аталган жаштар фестивалы Бишкек жана Ош шаарында башталды. Анда чыгармачыл топтордун концерти, фотосүрөттөр жана видеороликтер көргөзмөсү, интерактивдүү оюндар өтүүдө. Кечеде бий, граффити жана кол өнөрчүлүк боюнча окутуулар уюштурулууда.

Бишкектин Асанбай кичирайонундагы сейил бакта жана Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өтүп жаткан фестиваль бүгүн түн жарымга чейин уланат.

Иш-чара «Этникалык теңдикти жана жарандык катышууну илгерилетүү (PEACE)» долбоорунун алкагында мерчемделген. Аны «Жаштарды өнүктүрүү институту» жана Youth of Osh коомдук бирикмелери менен өнөктөштүктө DVV International уюму уюштурууда. Долбоор Европа Шериктештиги тарабынан каржыланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG