Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Учактын кырсыкка кабылышы боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Красноярск –Ош каттамындагы учактын кырсыктаганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, кырсык болгон жерге Транспорт прокурорунун орун басары Союзбек Сарыков жана ИИМдин тергөөчүлөрү барып, иликтөө жүргүзүшкөн.

Тергөө тобунун мүчөлөрү тарабынан кырсык болгон жер толук изилденип, сүрөткө жана тасмага тартылып алынган, каттамдын экипажы жана жүргүнчүлөрү суралган. Алдын ала маалыматтар боюнча Ош аэропортуна материалдык зыян келтирилген.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын транспорт прокуратурасы кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча (темир жол, аба жана суу транспортунун жүрүү, эксплуатациялоо боюнча коопсуздук эрежелери бузулган) кылмыш иши козголду.

Транспорт прокуратурасынын жана ИИМдин транспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган оперативдүү-тергөө тобу түзүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

22-ноябрда, саат 7:56да “Красноярск-Ош” каттамында учуп келген учак Ош аба майданына конуп жаткан кезде тилкеден чыгып кеткен. Натыйжада учактын дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, ыргып кеткен. Кырсыкка аба ырайы, атап айтканда, коюу туман себеп экени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG