Президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация саммитке катышуу үчүн 29-ноябрда Францияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Францияда Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу 21-конференциясы болот. Ага 140тан ашуун мамлекеттин президент жана өкмөт башчылары катышат. (AiT)