Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Ритман: HRW Кыргызстанда ишин токтотпойт


Мира Ритман
Мира Ритман

Human Rights Watch уюму Кыргызстандагы адам укугу боюнча кырдаалга мониторинг иштерин уланта берет. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Мира Ритман “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Human Rights Watch өлкөдөгү адам укугунун бузулуп жаткан көрүнүштөр боюнча кыргыз өкмөтү менен кеңешүүлөрүн улантып, өзүнүн Кыргызстан аймагына кирүүгө тыюу салынганы боюнча кыргыз өкмөтүнөн расмий жооп күтүп жатканын айтты.

Ритман буга чейин эч кандай кыргыз бийлиги тарабынан эскертүү болбогонун, өзүнүн Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын 2-декабрда Стамбулдан Бишкекке учуп келгенден кийин гана билгенин айтты.

-Аэропортко келгенден кийин мага кирүүгө тыюу салынган тууралуу актты көрсөтүштү. Анда мен Кыргызстан үчүн ыңгайсыз адам экеним жазылып, мындан сырткары өлкөнүн сырткы миграция тууралуу мыйзамын бузган деп жазылуу экен. Бирок толук түшүндүрмөнү мага эч ким берген жок.

Мира Ритман акыркы жолу июнь айында Кыргызстанда болуп, бир айдан кийин учуп кеткен. Анын бул жолку сапарында бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, Human Rights Watch уюмунун кызматкерлери жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу каралган эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG