Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Чочко тумоосун жуктургандардын 70 пайызы жаш балдар


Чочко тумоосун жуктурган 61 бейтаптын 70 пайызы 14 жашка чейинки жаш балдар. Бул тууралуу Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева “Азаттыкка” билдирди.

Өлкө боюнча өткөн жылдын декабрынан бери 325 бейтап кайрылып, алардын 61и чочко тумоосуна чалдыкканы тастыкталган. Учурда өмүрүнө коркунуч келгендери жок. Дарыгерлер чочко тумоонун алгачкы белгилери кадимки сасык тумоодон көп деле айырмаланбай тургандыгын, андыктан ооруканага убагында көрүнүүнү эскертишет.

Чочко тумоосу 2009-жылы дүйнөнүн улам бир аймагында тездик менен жайылып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия коркунучу тууралуу эскерткен. Анда тумоо бир жылда 18 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйган. (UEz)

XS
SM
MD
LG