Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Канада Иранга киргизилген санкцияларын алат


Бул тууралуу 26-январда Канаданын тышкы иштер министри Стефан Дион билдирди. "Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги санкцияларды алгандан кийин Канада бизнеси артта калбашы керек", - деди Стефан Дион. Анын айтымында, АКШ жана Европа компаниялары Иран менен ишкерликти өнүктүрүүгө шашып жатат. Ал эми санкциялар “модалуу кийимдей” ылдам алынууда.

“Европа Биримдиги Иранга аэробустарды сатып жатса, Канаданын бомбардиерин сатууга сатууга неге болбосун”, - дейт Стефан Дион. Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо Канада, Иранда элчилигин ачууну көздөп жатканын билдирип, Тегеран өзөктүк программасын чектөөдө алгылыктуу кадамдарга барганын белгиледи. “Биздин өнөктөштөр Иран менен сүйлөшүп, макулдашууга жетишкени бардык дүйнө үчүн жакшы”,-деди Канаданын тышкы иштер министри Дион. (AiT)

XS
SM
MD
LG