Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Кыргыз тилинде окутуучу мультфильм жарык көрдү


Кыргызстанда алгачкы жолу кыргыз тилинде окутуучу мультфильм тартылды. Продюсер Замира Сатыбалдиева “Азаттыкка” кабарлагандай, азырынча беш бөлүктөн турган анимациялык фильм youtube каналына жайгаштырылды. Мультфильм Индиянын көмөгү менен жарык көрүп, балдарды окутууда чоң көмөк көрсөтмөкчү.

- Бул мультфильмдер балдарга санаганды, тамга тааныганды үйрөтөт. Мультфильмдеги ырлардын сөздөрүн жана обондорун өзүм чыгардым. Жакынкы күндөрү өлкөнүн айылдарына барып мультфильмди таратсакпы деп турабыз. Себеби элет балдары кыргыз тилиндеги окутуучу мультфильмдерди жакшы кабыл аларын билебиз.

Сатыбалдиева алдыда мультфильмдин дагы кошумча 5 сериясы жарыкка чыгары күтүлүп жаткандыгын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG