Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Өкмөт малды идентификациялоо маселесин талкуулайт


Бодо мал.
Бодо мал.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев малды идентификациялоо боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын курат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, анда малды идентификациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер жана көйгөйлөр ортого салынат.

Буга чейин менчик малды идентификациялоо милдети Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн. Өткөн айда премьер Айыл чарба министрлигинин буга чейинки иштерин чабал деп сындап, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга эки жума ичинде иш-план даярдап келүүнү тапшырган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 400 миң жылкы, 1,5 миллион уй, төрт миллиондой майда жандык, 7 миллионго чукул канаттуу бар. Малды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы каржы министри, азыркы депутат Акылбек Жапаров көтөрүп чыккан. Буга Казакстан менен Орусия эпизоотикалык абалдан улам Кыргызстандын эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тартканы негиз болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG