Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Exit poll: “Нур Отан” партиясы 82% добуш алды


Президент Назарбаев Астанада добуш берди, 20-март, 2016-жыл
Президент Назарбаев Астанада добуш берди, 20-март, 2016-жыл

Шайлоонун жүрүшүндө сурамжылоолордун (exit polls) жыйынтыгына караганда, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо үч партия Мажилиске өттү. Бейрасмий жыйынтыкка караганда бийликчил “Нур Отан” 82%, “Ак жол” 7,22%, Казакстан элдик коммунисттик партиясы 7,17% добуш алышты.

Суралгандардын 4% ашыгыраагы калган үч партияга добуш бергенин айтышкан.

14 облус, Астана жана Алматыда жүргүзүлгөн сурамжылоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялаган "Демократия институту" илимий изилдөө борборунун директору Юлия Кучинскаянын маалыматында 750 шайлоо участогунан 75 миң адам суралган.

Казакстанда партиялар парламентке өтүш үчүн 7% босогону багындырышы керек.

20-мартта мөөнөтүнөн мурда Мажилиске жана жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого 77,1% шайлоочу катышканы расмий айтылды.

XS
SM
MD
LG