Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Украина: Рада спикери премьерликке көрсөтүлдү


Украинанын Жогорку Радасынын спикери Владимир Гройсман өз фракциясы “Петр Порошенконун Блогу” тарабынан өкмөт башчылыгына көрсөтүлдү. Эгер ал коалициялык көпчүлүк колдосо, жоопкерчилик алып иштеп кетерин, азыр өкмөткө жаңы адамдар керек экенин билдирди.

“Өкмөткө келе турган адам абийири таза жана кесипкөй болушу керек. Ал эми өкмөт технократтык же саясий болот деген талаштын мааниси жок. Бул жөн гана пикир алмашуунун темасы”, - деди Гройсман.

Мурдараак президент Петро Порошенко премьер-министрликке каржы министри Наталья Яресько менен Львовдун мэри, “Самопомощь” партиясынын лидери Андрей Садовыйды татыктуу деп эсептери маалымдалган. Яресько келсе “технократтык”, Садовый келсе “саясий” өкмөт болору белгиленген.

23-мартта президент Петро Порошенко эртерээк парламент коалициясын курап, айдын аягына чейин өкмөттү түзүү керектигин айткан.

16-февралда Жогорку Рада азыркы премьер-министр Арсений Яценюкка ишеним көрсөтпөө вотумун колдобой койгон. Андан кийин “Батькивщина” менен “Самопомощь” коалициядан чыгышкан болчу. Бирок Яценюк өкмөт башынан кеткен эмес.

XS
SM
MD
LG