Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Казак премьери Ереван саммитине барбайт


Карим Масимов
Карим Масимов

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов 8-апрелдеги Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышпайт.

Бул тууралуу премьердин маалымат кызматынын жетекчи орун басары Думан Хамит билдирди. Бирок ал себебин түшүндүргөн жок.

Шейшембиде орусиялык ММКлар ЕАЭБ өкмөт башчыларынын саммити кийинкиге жылдырылышы мүмкүндүгүн билдиришкен. Иш-чара Ереванда эмес, Москвада өтөрү болжолдонгон эле. Ереван саммитинин болбой калышына Тоолуу Карабактагы абалдын курчушу себеп болгону айтылууда.

ЕАЭБге Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Армения мүчө.

XS
SM
MD
LG