Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

"Ата-Мекен" спикерликке Чыныбай Турсунбековду колдойт


Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясы төрагалык кызматка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт. Фракция кечээ жыйын куруп, ушундай чечимге келгенин бүгүн "Азаттыкка" депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

- Биз, фракция, кечээ чогулуп, бир добуштан Чыныбай Турсунбековду колдоо чечимин кабыл алдык. Эгер КСДП аны талапкер кылып көрсөтсө биз аны колдойбуз.

Буга чейин Турсунбековду колдоорун "Республика Ата-Журт" фракциясы да билдирип чыккан.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.

20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG