Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
17-19-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
16-20-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана нөшөр жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Өткөн аптанын башында нөшөр жаан, мөндүр, селдин айынан Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустары миллиондогон сомдук зыян тартты. (RK)