Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Бишкекте Ху Чженхуага арналган эл аралык илимий жыйын өтөт


Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа. 22.10.2015.
Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа. 22.10.2015.

26-майда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасында түрколог, кытайлык кыргыздардын этнографиясын, фольклорун, тилин, “Манас” дастанын, Фу-йү кыргыздарынын тилин жана этнографиясын, дунган элинин тилин жана этногенезин терең иликтеген чыгаан кыргыз таануучу жана дунган таануучу, “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, профессор Мухаммед Ху Чжэнхуанын 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын өтүүдө.

Илимий жыйын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстандагы Дунгандар ассоциациясы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси жана А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тарабынан быйылкы Тарых жана маданият жылынын иш-чараларынын катарында уюштурулууда.

Учурда профессор Ху Чжэнхуа ардактуу эс алууга чыккандыгына карабастан, Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинде таалим алып жаткан докторанттарга баалуу кеңештерин берип келет.

XS
SM
MD
LG