Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:28

Беларуста Крымды Орусиянын аймагы деп көрсөткөн глобустар сатыктан алынды


Беларустун Могилев шаарындагы дүкөндөрдө Крым Орусиянын бөлүгү катары көрсөтүлгөн глобустар сатыктан алынды.

Крымды дүйнө коомчулугу Орусиянын курамында катары тааныган эмес. Андыктан облустун Соода жана кызмат көрсөтүү башкармалыгы ишкерлерге жалпы көз караштан айырмаланган саясий карталар менен глобустарды сатуудан баш тартууну сунуштаган. Бул туурасында euroradio.fm маалымдады.

Жергиликтүү бийлик бул маселеге “Громада” Беларус социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Игорь Борисовдун кайрылуусунан кийин көңүл бурган.

Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары көрсөткөн глобустарды польшалык ZACHEM-GŁOWALA фирмасы чыгарган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG