Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Йылдырым: Көтөрүлүш баштаган бир генерал өлтүрүлдү


Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген генералдардын бири өлтүрүлдү. Бул тууралуу түрк премьер-министри Бинали Йылдырым билдиргенин жергиликтүү NTV телеканалы кабарлады.

"Бир генерал өлтүрүлүп, 130дан ашуун аскер кызматкери камалганы тууралуу маалымат бар. Алардын арасында полковниктер бар" деди өкмөт башчы.

Ал ошондой эле көтөрүлүшчүлөрдүн абадан сокку уруу максаты ишке ашпасын, мындай аракеттерге жооп кайтарыларын билдирди. Йылдырымдын айтымында, толкундоо басылып, Стамбул жана Анкарадагы көтөрүлүштүн айрым очоктору калды.

Ишембиге караган түнү Түркияда аскер жетекчилеринин мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети ишке ашкан жок. Соңку маалыматтарга караганда, 17 полициячы набыт болду. (RK)

XS
SM
MD
LG