Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия Ысык-Көлдүн Чаар-Арча аймагынан тапкан сөөк “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлбай калды. Бул тууралуу учурда "Ата-Бейитте" жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук комиссиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров баштаган топ бүгүн Үркүн курмандыгы деген адамдын сөөгүн “Ата-Бейитте” коюуну көздөгөн. Алар бул иш-чара боюнча өкмөттүк комиссия менен макулдашкан эмес. Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия алып келинген сөөктү атайын экспертизадан өткөрүп, анан “Ата-Бейитке” жерге берүүнү сунуштаган.
Бирок Азимбек Бекназаров баш болгон топ буга макул болбой, сөөк кайрадан Чаар-Арча аймагына көмүлөөрүн билдирди.
Быйыл 1916-жылдын улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев атайын жарлык чыгарган. Ага ылайык, Ата-Бейит” көрүстөнүндө Үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс куруу каралган. (BkA/ZA)