Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Быйыл электр энергиясы кымбаттабайт


Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 16-август күнү облус жетекчилери жана өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында билдирди. Бирок премьер-министр азыркы тарифтер электр ишканаларынын чыгашаларынын жаба албай жатканын айтып, бара-бара бааларды көтөрүү зарылчылыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков энергокомпанияларды жоготууларды азайтып, бөлүштүрүүчү компаниялардагы авариялык кырдаалды төмөндөтүүнү тапшырды.

Премьер-министр Отун-энергетика комплексин тескөөчү агенттикке кийинки жылга тариф саясатын карап чыгууну жана бөлүштүрүүчү компаниялардын финансы-чарбалык иштерин текшерүүнү да милдеттендирди.

Азыркы тариф боюнча, 1 кВт электр энергиясы үчүн калк 77 тыйындан, ал эми 700 киловаттан ашырып жибергендер 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ишканалар 2,24 сом төлөөдө. Бул тариф 2015-жылы август айында бекитилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG