Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Тажик президенти мунапыс мыйзамын сунуштады


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

12 миңден ашуун кишини абактан бошотууну караган Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорун президент Эмомали Рахмон парламентке жөнөттү. Тажикстан президентинин маалымат кызматынын 17-августтагы кабарлоосуна караганда, мыйзамдын кабыл алынышы менен түзөтүү мекемелеринен үч миңден көп киши чыгарылса, кылмыш иштери камакка алууга байланышпаган төрт миңден көп киши толук мунапыс алат. Андан сырткары беш миңден көп кишинин кылмыш иштери кыскартылат. Аялдар, өспүрүмдөр жана 55 жаштан ашкан эркек кишилер, согуш ардагерлери мунапыска илиниши мүмкүн. Ал эми киши өлтүрүү, террорчулук, диний экстремизм жана башка оор кылмыштар менен кесилгендерге мунапыс берилбейт. Бул мунапыс Тажикстандын 9-сентябрда белгилене турган эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналып чыгарылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG