Чек ара кызматынан билдиришкендей, ушул тапта кыргыз-өзбек чек ара аймагында абал тынч, чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда, сүйлөшүүлөр уланып жатат.
22-августта Өзбекстан тик учак менен жети милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка түшүргөн. Кыргыз тарап Өзбекстандан Үңкүр-Тоого өзбек милициясынын келишине түшүндүрмө сурап, аларды тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылууда.
Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген. (AzK)