Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Ооган мигранты жүк ташуучу автоунаанын астында 400 чакырым жүргөн


Европадагы мигранттар
Европадагы мигранттар

Бул тууралуу Италия полициясы маалымдады. Маалыматка караганда, 23-августта Неаполь-Рим жолунда ооганстандык жигит кармалган. Полиция ал өз сапарын түштүк-чыгыштагы Бриндизи портунан баштаган деп эсептөөдө. Түркиядан Испанияга бараткан жүк ташуучу автоунаанын болгариялык айдоочусу автоунаасында келаткан адамды билбегендигин айткан. Ооганстандык жаран качкын катары катталуудан баш тартканга байланыштуу, ага жети күндүн ичинде Италиядан чыгып кетүү талабы коюлду. Быйылкы жылдын ичинде эле Италияга 100 миңден көп мигрант келген. Алардын көпчүлүгү катталуудан баш тартышкан. Анткени алар Түштүк Европага өтүп кетүүнү каалашат. (AiT)

XS
SM
MD
LG