Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Чаарташ кенин чалгындоого кайрадан аукцион жарыялады


Чаткалдагы Чаарташ алтын кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө кайрадан аукцион жарыяланды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана тоо кен мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аукцион 6-октябрда өтөт. Лицензиянын башкы баасы 690 миң сом деп бааланды. Кенде 20 тоннага жакын алтын запасы бар деп болжолдонууда. Буга чейинки аукцион инвестор жок болгондуктан август айында өтпөй калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG