"Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" 10-11-кылымдардагы борбордук Азиядагы мусулмандык кайра жаралуунун күзгүсү" аттуу илимий-тажрыйбалык конференция Ысык-Көлдө өтүп жатат. Жыйын үч күнгө созулат. Ага бир нече мамлекеттен келген тарыхчылар жана окумуштуулар катышууда.
Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батыш тарабындагы даңазалуу Баласагын шаарында 1015-16-жылдар аралыгында туулган деп болжолдонот.
Ал 54 жашында карахандык орток түрк тилинде “Кутадгу билиг” чыгармасын жараткан. Бул чыгарманы Карахандар мамлекетинин улуу каганы жогору баалап, акынга “улуг хасс хажиб” – “кагандык сарайдын улуу ордо башчысы” кызматын ыйгарган. (ZKo)