Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

БШК: шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер көрсөтүлдү


БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова.
БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова.

Саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекованын 11-ноябрда журналисттерге билдиргени боюнча, катталбаган талапкерлердин басымдуу бөлүгү өздөрү көрсөткөн шаарларда жашабайт.

Төрайымдын маалыматы боюнча, шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн 36 саясий партия талапкерлеринин тизмесин берген. Мунун ичинен 14 саясий партия Бишкек шаар кеңешине талапкерлерин көрсөттү. Социал-демократтар менен РАЖ партиясы жалпы Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерге талапкерлерин көрсөттү. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Сүлүктү шаар кеңешине талапкер көрсөткөн жок. “Кыргызстан” партиясы 17 шаар кеңешиндеги депутаттык орундарга ат салышат.

Шайлоого катышчу саясий партиялардын үгүт жараяны 11-ноябрдан тарта башталды.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум менен чогуу өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG