Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Сариев туристтерге каттоону жоюуга чакырды


Темир Сариев
Темир Сариев

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев чет өлкөлүк туристтерди беш күнгө каттоого алуу боюнча мыйзамды өткөрбөөгө чакырды. Бул тууралуу Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтышынча, визасыз режим өлкөгө чет өлкөлүк туристтердин келишине шарт түзүү үчүн кабыл алынган. Ал туризм тармагын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизди.

- Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоорду кароо учурунда шайлоо учурунда реформатор, либерал көрсөткөн айрым фракциялар өкмөт сыяктуу эле көзүн жуумп койду. Мен бул миграция боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү тезинен четке кагуу зарылдыгын демилгелейм, - деди Сариев.

Кыргызстанда беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран каттоодон өтпөсө 10 миң сом айып пул төлөйт деген мыйзамдын күчүнө кирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Айрымдар жаңы мыйзамдагы бул жобо туристтердин санын азайтат, коррупцияны көбөйтөт, кыргыз милициясы чет өлкөлүк жарандарды ого бетер жүдөтө баштайт деген кооптонуу айтышса, мыйзам демилгечилери өзгөртүүлөрдүн негизги себебин улуттук коопсуздук менен түшүндүрүшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG