Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Евробиримдик Орусияга санкцияларын расмий узартты


Европа Биримдиги Украинанын чыгышындагы кармаштан улам Орусияга киргизген экономикалык санкцияларын расмий түрдө жарым жылга узартты. Европа кеңеши өткөн аптада Евробиримдиктин лидерлери жетишкен чечимди жактырды.

2017-жылдын 31-июлуна чейин узартылган санкциялар Орусиянын каржы, энергетика жана коргоонуу тармактарын бутага алат. Евробиримдиктин лидерлери расмий Москвага Минск келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай жатат деген кине тагууда. Орусия украин чыгышындагы чатакка эч тиешеси жоктугун айтып келет.

2014-жылдын апрель айында орусиячыл жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда жаңжал тутанып, андан бери тогуз миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG