Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Учак кырсыгына байланыштуу ыкчам линиясы түзүлдү


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

“Манас” аэропортунун жанындагы учак кырсыгына байланыштуу ыкчам байланыш линиясы түзүлдү. 112 линиясы кырсык тууралуу ыкчам маалыматтарды каза болгон жана жабыркагандардын жакындарына көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдар боюнча башкармалыгынын башчысы Мухаммед Сваров билдирди. Анын айтуусунда, учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Учак кулаган үйлөрдүн урандыларын тазалоо иштери толугу менен бүткөрүлө элек.

Сваров учак курмандыктарынын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин четке каккан жок.

Учак кырсыгынын негизги версиясы катары коюу туман каралууда.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штаб иштеп жатат.

Расмий маалыматтарда буга чейин 32 адамдын набыт болгону кабараланган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" аба майданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG