Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:05

Нидерландия жакыр өлкөлөрдөгү аборт үчүн 10 млн доллар бөлөт


Амстердам
Амстердам

Нидерландия жакыр өлкөлөрдөгү боюнан алдырган жарандарга жардам көрсөтүүчү бейөкмөт уюмдарга 10 миллион доллар бөлөт.

Маалыматта айтылгандай, АКШ президенти Дональд Трамп аборт үчүн жардам берген уюмдардын фонддорун каржылоону баш тарткандан кийин, Амстердам ортодогу чыгашаны толуктап берүү чечимине келди. Голландиянын эксперттери 4 жыл ичинде 600 миллион доллар керектелерин эсептеп чыгышкан.

Активисттер каржылоонун кыскарышы жакыр өлкөлөрдөгү аялдардын өмүрүнө чоң коркунуч туудурарын айтышууда.

Нидерландия калктын саламаттыгын калыбына келтирүү жаатында либералдуу мыйзамдары менен белгилүү. (SDz)

XS
SM
MD
LG