Былтыр Кыргызстанда коррупциялык иштер боюнча 812 иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, коррупциялык иштерден улам өлкөгө 506 миллион сомдон ашык зыян келгени аныкталган. Анын 197 миллион сомдон ашыгы мамлекетке кайтарылды.
Кызматтык кылмыштар боюнча сотто 554 кылмыш иш каралып, 375 адамга карата мыйзамдык чара көрүлгөн.
Кыргызстанда бийликтер коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын айтып келишет. Бирок оппозиция бул күрөш тандалма жүрүп, жыйынтыгы сезилбей жатканын белгилешет.
“Транспаренси Интернешнл” уюмунун жылдык баяндамасында Кыргызстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлеп, коррупция коррупция кеңири жайылган өлкөлөр катарында орун алган.(BkA)