Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Парламентте Садыр Жапаровдун маселеси көтөрүлдү


Cадыр Жапаров парламенттин V чакырылышында депутат болгон.
Cадыр Жапаров парламенттин V чакырылышында депутат болгон.

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жалпы жыйынында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун маселесин кароону күн тартибине киргизүү сунушталды.

Бирок төрага Чыныбай Турсунбеков бул жаатта тийиштүү комитет иштеп жатканын айтып, анын жыйынтыгы менен гана жалпы жыйында караларын билдирди.

"Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын айрым депутаттары Жапаровдун №1 тергөө абагына камалганы туура эмес болгонун, УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына которуу керектигин айтышты. Ошондой эле жакындары жолугуша албай жатканы жарандык укугуна доо кетирерин белгилешти.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жапаров парламенттин мурдагы депутаты болгонун, анын ишине кайдыгер кароо туура эместигин айтты.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрага орунбасары Искендер Матраимов бул жаатта комитет иштеп жатканын, жакын арада жыйынтыгы сунушталарын билдирди.

Садыр Жапаров 25-мартта чет элден келген учурда колго түшкөн. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу митингдерде мыйзамсыз аракеттерди уюштурууга шектелип кармалган.

№1 тергөө абагында жаткан Жапаров 2-апрелде оор абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткиришкен. Ал мойну жана колундагы кан тамыры кесилгени аныкталган. Учурда абалы жакшы экенин 4-апрелде билдерген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG