Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Бишкекте Пакистандын үч жараны жасалма документ менен кармалды


Пакистан менен Кыргызстан байрактары
Пакистан менен Кыргызстан байрактары

Бишкекте жасалма документ менен пакистандык үч киши кармалды. Алар 17-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунда "Бишкек-Дубай" каттамы боюнча учууга аракет кылып жаткан кезде колго түшүшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдиргендей, алар Дубай аркылуу Канадага кетүүгө камынышкан. Чек арачылар үчөөнүн паспортунда чапталган Канада визасынан кемчиликтерди байкашкан. 

Териштирүү иштерин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө. (SE)

 

XS
SM
MD
LG