Аталган жармаңке кыргыз элинин этномаданиятын даңазалоого багытталган. Ага райондогу ар бир айыл аймагы катышууда. Жармаңкеде меймандарга жаа жасоо, куш таптоо, ала кийиз жасоо, улуттук тамак-аштарды даярдоо боюнча мастер-класстар уюштурулган. Мындан тышкары боз үй тигүү боюнча мелдештер өтөт.
Кыргызстанда акыркы убактарда арбын уюштурулуп жүргөн "Өрүк", "Айгүл", "Ала кийиз", "Оймо" жана башка фестивал-жармаңкелер туризмди өнүктүрүүгө салым кошору айтылып келет. (AsM)