Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстанда жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган жаңы мыйзам ишке кирди.Ага бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамда коопсуз жай, коргонуу ордери, психологиялык зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук, денеге же экономикалык абалга залака келтирген зомбулук деген түшүнүктөр, зомбулукту алдын алуу жана жабыркагандарды социалдык-укуктук жактан коргоо чаралары жазылган.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова бул мыйзам тууралуу "Азаттыкка" маалымат берип жатып:

- Өзгөчөлүгү - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүн зордук-зомбулуктан коргоо. Мурда карыялар менен балдардын укугу анча корголбой келген. Эми зомбулукка учураган үй-бүлө мүчөсүнөн атайын арыз талап кылынбайт. Коомчулук тараптан, кошунасы болобу же жөн эле өтүп бараткан адам же туугандары болобу, кимден болсо да зордук болуп жатканы тууралуу арыз түшсө, күч органдары ага сөзсүз реакция жасап, кордолуп жаткан адамдын корголушуна шарт түзүп бериши керек болот.

Турдубекованын белгилешинче, жергиликтүү бийлик органдары мурда бул маселеге көп көңүл бурчу эмес, себеби алар милицияга кайрылгыла деп койчу. Эми жаңы мыйзам боюнча айыл башчы, айыл өкмөтү же аким болобу, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш жүргүзүүгө милдеттүү болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG