Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Өзгөн: жер көчкү алдында калгандар табыла элек


Аюу айылында издөө-куткаруу иштери уланууда.
Аюу айылында издөө-куткаруу иштери уланууда.

24 адамды жер көчкү басып калган Өзгөндүн Аюу айылында издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кечээ кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган издөө иштери бүгүн таң эрте жанданды. Учурда бул иштерге 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар тартылган. Азырынча жер көчкү астында калган бир да адам табыла элек.

Дарыгерлер жабыркагандардын жакындарына психологиялык-медициналык жардам көрсөтүп жатышат.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар.

Бул кырсыкка байланыштуу бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланды.(BkA/YI)

XS
SM
MD
LG