Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Абдрахматов: 2017-жылы 5-6 баллдан жогору зилзала болбойт


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун башчысы Канат Абдрахматов билдирди. Анын айтымында, алдын ала алынган божомолдор боюнча быйыл Кыргызстан сейсмологиялык жактан тынч болуп, 5-6 баллдан жогору жер титирөөлөр катталбайт.

3-май күнү 10:47де кыргыз-тажик чегинде 7 баллга жакын жер силкинген. Бир суткада жердин силкинүүсү бир нече жолу кайталынып, анын күчү Кыргызстандын көпчүлүк облустарына байкалган.

Очогу кыргыз-тажик чек арасында болгон жер титирөөдөн Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы 66 турак жай, бир мектеп, эки ФАП жана бир почта имараты авариялык абалга кептелди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG