Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Кытай: жер көчкү үчүн 20 киши абакка кесилди


Гуандун, Кытай
Гуандун, Кытай

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Шеньчжэн соту 2015-жылдагы жер көчкүдө коопсуздук техникасын бузган деген негизде 20 кишини ар кандай мөөнөт менен абакка кести.

Бул тууралуу “Жунго синьвэньван” маалымат порталы жазды. Маалыматка караганда, сот "Шэньчжэнь Исянлун" компаниясынын башчысы Лен Жэньфуну 20 жыл түрмөгө кесип, 1,4 млн. доллар айып төлөөгө милдеттендирди.

Тергөөдө жер көчкү таштандылар үчүн жооп берген компаниянын шалаакылыгынан улам болгону аныкталган. Мындан сырткары компания жетекчиси пара алганы үчүн дагы айыпталууда. Ушундай эле жаза Шэньчжэн муниципалдык башкармалыгынын башчысы Мэн Цзинханга берилди. Анын дагы пара катары 25 млн. июань (3,6 млн. доллар) жана 800 миң гонконг долларын (102,7 миң доллар) алганы ырасталган.

Ошондой эле сот шаарды пландоо башкармалыгынын мурдагы башчысын 16 жылга, 17 кызматкерди үч жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарды. Булардан сырткары соттун чечими менен 25 киши айып пул төлөдү.

2015-жылы Кытайдын түштүгүндөгү Шэньчжэнь шаарындагы жер көчкү 33 имаратты басып калган. Анда 73 киши каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG