Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:38

Грузияда жүздөгөн адамдар 10-майда да көчөгө чыгып, өкмөттөн иш орундарындагы коопсуздукту камсыздоону талап кылышууда.

9-майда Ткибули шаарындагы Миндели шахтасында жүк лифтин оңдоп жаткан төрт адам 350 метрлик кургуйга кулап, каза болушкан.

Шахтерлорду колдогондордун нааразылыгы ушул эле күнү башталып, кечинде алардын үчөө кармалганы кабарланган.

Тбилисинин көчөлөрүнө чыккандар кырсыкты ыкчам жана тыкыр иликтөөнү талап кылышууда. Ошондой эле алар жумуш кырсыктарынын алдын алуу үчүн атайын кызмат түзүлбөгөнүнө нааразы.

Грузия акыйкатчысы Уча Нануашвили кырсыкты "адам өлтүрүү" деп атап, эмгек инспекциясын түзүү талабын өкмөт төрт жылдан бери аткарбай келатканын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG