Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Бишкек-Торугарт унаажолу бир сааттан ашык тосулду


11.05.2017-жыл
11.05.2017-жыл

11-майда кечки саат жетиден сегизге чейин Оттук айылынын тургундары Бишкек-Торугарт унаажолундагы унааларды өткөрбөй, бууп турушту. Айылдыктардын мындай кадамга барышына 11-майда кечки саат 17:00 чамасында айыл ичинен Каракол-Нарын багытындагы жүргүнчү ташуучу кичи автобус тогуз жаштагы баланы коюп кеткени себеп болду. Унаа коюп кеткен окуучу ооруканага жетпей жолдон каза тапкан.

Ал эми кичи автобустун айдоочусу учурда сурак берип жатат.

Чогулгандар бийликтен айыл ичине жасалма дөңсөлөрдү коюп берүүнү талап кылышты. Алар буга чейин да бир нече жолу кайрылып, бирок тилекке каршы оңгулуктуу жооп ала албай жүргөндүгүн айтышты. Алардын билдиришинче, айыл ичин бойлой өткөн кан жолдон автоунаалар катуу ылдамдыкта айдап, жол жээгиндеги кишилерди сүзүп кеткен фактылар көп катталган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Төрөбай Бекбергеновдун айтымында, эл аралык унаа жолго жасалма дөңсөлөрдү коюуга мыйзам жол бербейт, бирок элдин талабына ылайык 12-майдан баштап, Оттук айылынын ичине тогуз жасалма дөңсө коюлат. Бул аракетти ишке ашырууда Транспорт министрлигинен жана Ички иштер министрлигинен уруксат алынары күтүлүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG