Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

1600дөн ашуун энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 1618 энеге “Баатыр эне” орденин ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык алты баланы төрөп, өстүрүп, тарбия берген 551 энеге “Эне даңкы” медалы берилет. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер сыйланышат. Ал эми балдарынын бири оор кылмыштар менен соттолгон учурда наам берилбейт.

Өткөн жылы мамлекет башчы 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Эне даңкы» медалын ыйгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG