Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Роуханинин экинчи жеңиши


Президент Роухани добуш берүүдө, 19.05.2017
Президент Роухани добуш берүүдө, 19.05.2017

19-майда Иранда президенттик шайлоо өттү. 68 жаштагы Хасан Роухани жогорку кызматка кайра шайланды.

Ирандын маалымат каражаттары учурдагы президент Хасан Роухани шайлоочулардын 57% добушун алып, жеңишке жеткенин кабарлады. Анын атаандашы, мурдагы баш прокурор, консерватор Эбрахим Раиси 38% ашуун добушка ээ болду.

Иран бийликтери шайлоого катышууга укуктуу 55 миллион калктын 41 миллиону өз тандоосун жасаганын билдирет. Шайлоочулардын активдүүлүгү 73% түзүп, добуш берүүгө кезекке тургандарды тейлөө үчүн шайлоо бекеттери түн ортосуна чейин ачык турду.

Жума күнү өткөн шайлоо реформачыл жана консервативдик күчтөрдүн таймашы болду. Иранда эки башкы талапкерди “ак селдечен” менен “кара селдечендин” таймашы деп тамаша чалгандар да болду.

Эки лагерь тең шайлоонун биринчи айлампасында жеңүү үчүн болгон күчүн үрөштү. Мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад талапкерлердин тизмесине кирбей калган.

Добуш берүү. Иран. 19-май
Добуш берүү. Иран. 19-май

Иран ислам республикасында президент жогорку шайланма кызмат жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп эсептелет.

Роухани - токтоо саясатчы

68 жаштагы Хасан Роухани президенттик кызматка экинчи жолу кайра шайланды. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыгары менен ал Твиттерине “Ирандыктар - улуу эл. Шайлоонун чыныгы жеңүүчүсү силерсиңер” деп жазды.

20-майда улуттук телеканалдан чыгып сүйлөгөндө "Ирандыктар экстремизди четка кагып, кызматташуунун жолун тандады. Иран эли бүткүл дүйнө менен тынчтыкта жана достукта жашагысы келет" деп айтты.

Роуханиге санаалаш болгон, мурдагы реформачыл президент, иран бийликтери медиага чыгуусуна тыюу салган Мохаммад Хатами Инстаграм баракчасына Роуханинин «Үмүт изоляцияны жеңет» деген жазуусу бар сүрөтүн көрсөтүп турганын жарыялады.

«Көйгөйлөргө, кыйынчылыкка жана азыркы түйшүккө карабастан Роуханинин башкаруусу абдан ийгиликтүү болду. Ага добуш берсек, сөз эркиндигине, мыйзамдуулукка, диалогго, жарандардын укуктарынын корголушуна, социалдык акыйкаттыкка добуш беребиз» деп үгүттөгөн Хатами.

2013-жылы Роухани президенттик кызматка киришкенден эки жылдан кийин Тегеран Батыш менен ядролук программасы боюнча тарыхый келишимге жетишип, экономикалык изоляциядан чыгууга жол ачылган.

Ага карабастан элдин жашоосу жакшырбай, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы санкциялар заманынан оңолгону менен күтүлгөндөй илгерилөө болгон жок.

Эбрахим Раиси
Эбрахим Раиси

Роуханини саясий лексиконун анализдегенде сабырдуулук, токтоолук деген сөз басымдуулук кылат. Шайлоо өнөктүгүндө 1997-2005-жылы Иранды жетектеген Мохаммад Хатаминин жардамына таянды.

Роуханинин өткөн төрт жылдык башкаруусунда Иранда инфляция 40 пайыздан 9,5 пайызга азайган.

Хасан Роухани жогорку билимдүү диниятчы, аалым, юрист. Шотландияда докторлук диссертациясын жактаган. Араб, англис, француз, немис жана орус тилдерин билет.

Шайлоодо башкы атаандаш болгон мурдагы прокурор 56 жаштагы Эбрахим Раиси Роуханини "Ирандын ядролук программасы боюнча Батыш менен жетишилген келишим үчүн, Ирандын экономикасын өнүктүрө алган жок, өлкө өзүн өзү камсыздай албай калды" деп сындап келет.

Жакынкы Чыгыштагы Ирандын ролу

Иран Жакынкы Чыгыштын саясий картасында эң башкы оюнчулардын бири. Тегеран ядролук программасын өркүндөтүүнүн үстүндө ишти улантууда. Ирандын Орусия менен бирге Сириянын президенти Асаддын бийлигин колдогону бир жагынан кооптондурса, экинчи жагынан Тегерандын аймактагы талылуу маселелерди чечүүгө күчү жетээрин көрсөтөт.

Ислам республикасынын жогорку руханий лидери президенттин ишмердүүлүгүнө да көзөмөлдүк кылат. Президент өлкөдө таасирдүү болгону менен иш жүзүндө руханий лидер менен талаш-тартышка барбайт. Руханий лидер менен тирешүү же каяша айтуу иран коомунда исламдын эрежелерине каршы чыгуу катары бааланат.

Иранда шайлоодо Хасан Роухани жеңди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG