Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Digital CASA долбоорун ишке ашыруу жолдору талкууланат 


Бишкекте 30-майда өткөн эл аралык жыйын.
Бишкекте 30-майда өткөн эл аралык жыйын.

Өкмөттөн билдиришкендей, «Борбор Азияны глобалдык санарип экономикага туташтыруу» деп аталган иш-чара бүгүн Бишкектеги Jannat Regency мейманканасында өтөт.

Чөлкөмдөгү бир нече өлкөнүн катышуусунда ишке ашыруу максат кылынып жаткан Digital CASA долбооруна Кыргызстан да кирет.

Кыргыз өкмөтү ал мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза Коом» долбоорунун негизги өзөгү деп айтууда.

30-майда "Таза коом" улуттук долбоорун эл аралык коомчулукка, донор уюмдарга тааныштырган жыйында аталган долбоордун координатору Талант Султанов Дүйнөлүк банк Digital CASA долбоорун каржылоо суммасын 20 млн доллардан 50 миллионго көбөйтүүгө даяр деп билдирди.

Бийлик бул долбоор аркылуу Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландыруу көздөлүп жатканын айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG