Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламент жыйынында "шайлоо босогосун" 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатууга байланыштуу билдирди. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев бул партияларды бириктирүү максатында өзгөртүлүп жатканын билдирди.

- Биздин саясий чөйрөдө, коомдо 200дөн ашык партия болуп вождизм менен ооруп, эл чогулгандан алыстап, коомду бөлүп-жарууга алпарып жатат. Бир чети 9 пайыз кылсак саясий жетекчилер бири-бири менен сүйлөшүп, коомго стабилдүүлүктү алып келет, парламентке саясий маданияттуу партиялар келет деген ойдобуз.

Акаев саясий партияларды мыйзамдын негизинде бириктирүү туура эмес экенин жана жаңы түзүлгөн партияларга мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

- Негизи биз парламенттик демократияга өттүк деп көп жерде айтып жүрөбүз. Бул парламенттик башкаруунун жолу узак. Ошондуктан ал жолдо биз жаңы партияларга, жаңы саясий муундун өсүшүнө жол ачып берип, алардын калыптанышына керек болсо каражат бөлүп жардам бере турган акыбал түзүлүш керек. Жасалма жол менен партияларды жоготуп же жаңы жаштарды алып келебиз деген дагы болбойт. Ким элдин колдоосунда болсо аны мыйзам менен чектебешибиз керек.

Бүгүн парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда талкуулап, добуш берүүгө жөнөттү.(КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG